Шентоп ок атышууну токтотуу чакырыгын кайталады

Кээ бир батыш өлкөлөрүнүн согушка тымызын колдоо көрсөткөнүн белгилеген Шентоп : «Согуштан пайда таап жаткандар тарабынан провокацияланбашыбыз керек»,-деди.

1982811
Шентоп ок атышууну токтотуу чакырыгын кайталады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Украина-Орусия согушун токтотуу үчүн ок атышпоо чакырыгын кайталады.

Кээ бир батыш өлкөлөрүнүн согушка тымызын колдоо көрсөткөнүн белгилеген Шентоп : «Согуштан пайда таап жаткандар тарабынан провокацияланбашыбыз керек»,-деди.

Шентоп борбор шаар Анкарада Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын (КЭКПА) Башкы ассамблеясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

«Бул согуш Украина менен Орусиянын элдери үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө, өзгөчө биздин аймак үчүн орду толгус жоготууларды жана зыяндарды алып келүүдө»,-деп айткан Шентоп: «Дагы бир жолу тараптарды ок атышпоого чакырып, туруктуу тынчтыкка чакырам»,-деди.

Шентоп: «Тилекке каршы кээ бир батыш өлкөлөрү жана глобалдык кызыкчылык тармактары эң көп каалаган нерсе бул согуштун бардык мыкаачылыгы менен улануусу. Анткени мойнуна албаса да, бул согуштан материалдык жана моралдык пайда алып жаткандар бар»,- деди.

Парламент төрагасы: «Мен Кара деңиз өлкөлөрү катары согуштун тымызын колдоочуларына көңүл бурушубуз керек деп ойлойм жана согуштан пайда алып жаткандардын провокацияларынын курмандыгы болбоо Кара деңиздин коопсуздугу үчүн пайдалуу болорун баса белгилейм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар