Түркия Сербияга көңүл айтты

Белграддагы Владислав Рибникар башталгыч мектебинин 7-классынын окуучусу эртең менен күзөтчүлөр менен окуучуларга ок чыгарганы кабарланган.

1982302
Түркия Сербияга көңүл айтты

Түркия Сербиянын борбор шаары Белградда башталгыч мектепке жасалган куралдуу кол салууда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Белградда башталгыч мектепке жасалган кол салууда 8 окуучу менен бир коопсуздук кызматкеринин каза болушу, 6 окуучу менен бир мугалимдин жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө, Сербия элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Белграддагы Владислав Рибникар башталгыч мектебинин 7-классынын окуучусу эртең менен күзөтчүлөр менен окуучуларга ок чыгарганы кабарланган.

2009-жылы туулган окуучу уюштурган куралдуу кол салууда 8и бала, 1и күзөтчү болгон 9 кишинин каза болгондугу, 6 бала менен бир мугалимдин жаракат алганы маалымдалган.

Кол салууну атасына таандык тапанча менен уюштурганы болжолдонгон баланын убактылуу кармоочу жайга киргизилгени билдирилген.



Тектеш кабарлар