TRTнын эл аралык санарип платформасы «Табии» таанытылды

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Президенттиктин коммуникация башкы директору Фахреттин Алтун: «ТРТнын санарип платформасы глобалдык аренада абдан олуттуу актер катары атаандашат»,-деди.

1982025
TRTнын эл аралык санарип платформасы «Табии» таанытылды
altun sobacıı.jpg
altun sobacı.jpg

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) эл аралык санарип платформасы «Табии» Бейкоз Кундура фабрикасында таанытылды.

Таанытуу иш-чарасына Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ТРТнын  башкы директору Мехмет Захид Собажы,  Анадолу агенттигинин (AA) башкы директору Сердар Карагөз жана АА башкы директорунун орун басары Юсуф Өзхан менен катар искусство, кино, саясат, спорт, бизнес жана жарнама дүйнөсүнөн көптөгөн ысымдар катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Президенттиктин коммуникация башкы директору Фахреттин Алтун: «ТРТнын санарип платформасы глобалдык аренада абдан олуттуу актер катары атаандашат»,-деди.

ТРТнын санарип платформасынын 5 тилде эфирге чыга баштаганын белгилеген Алтун, платформанын жаңы тилдер менен жолун улантаарына ишенгенин айтты.

Алтун, азыр глобалдык аренада бир гана керектөө эмес, өндүрүп жатканыбызды жана муну маданият тармагында конкреттүү түрдө көрсөткөндөрүн баса белгилеп: «Бизди бириктирген аңгемелер менен бүт дүйнөгө кайрылабыз. Бул долбоор республикабыздын жүз жылдыгына, Түркия кылымына төп келет деп ойлойм»,-деди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн ТРТнын башкы директору Собажы да ТРТ катары эл аралык санариптик платформа үчүн көптөн бери талыкпай иштеп жатышканын белгилеп:«Адилеттүү дүйнө урааны менен иштеп чыккан санарип платформабыз өлкөбүздү эл аралык аренада жаңы бренд кылуу үчүн санариптик тармакта глобалдык сапарынын биринчи кадамын таштоодо»,- деди.

ТРТнын Түркиянын угуу жана көрүү эс тутумун жаратуу алкагында бир эстелик экенине көңүл бурган Собажы: «Бүгүн биздин үнүбүз 18 телеканал, 17 радиоканал, 7 эл аралык санарип кабар платформасы, көптөгөн тиркемелер, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги ондогон иш-чаралар менен 7 континентте 41 тилде жана диалектиде жаңырууда. ТРТ өзгөрүп, өнүгүп, өсүү менен ушул күнгө жетти. Ал ар дайым доордун муктаждыктарын жана пайда болгон потенциалды баалоо менен иш-аракетти негизги принцип катары кабыл алды»,-деди.

Собажы сөзүн мындай деп улантты: «Биз дүйнөдөгү үй-бүлөгө багытталган контентке болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн негизги канал болобуз. Биздин тасмаларыбыз жана сериалдарыбыздан тышкары, балдарыбыз үчүн жаңы анимациялык мазмун менен бизге ишенген биздин үй-бүлөлөрдүн жаңы санариптик үйү болуп калабыз. TRT эл аралык санарип платформасы биринчи этапта түрк, англис, испан, урду жана араб тилдериндеги мазмундан турат. 30 жаңы чыгармалар жана 184 эпизод менен ачылыш баскычында эң бай оригиналдуу мазмунга ээ платформа наамын алат. ТРТнын популярдуу өндүрүштөрү менен бирге жакшы долбоорлорубуз да орун алган платформабыз 7-майда өлкөбүздө көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат»,-деп айтты.

Собажы, ТРТнын эл аралык санарип платформасы «Табии» сайтына «www.tabii.com» дарегинен кирүүгө боло турганын жана биринчи кезекте Түркиядагы колдонуучуларга бекер боло турганынын сүйүнчүсүн да берди.

Акциядан комедияга, тарыхый драмадан анимацияга чейин көптөгөн мазмун кызыккандарды оригиналдуу мазмуну менен тосуп алууга даярданган эл аралык санарип платформасында көрүүчүлөр менен жолугушат.



Тектеш кабарлар