10 күндө 40 террорист жок кылынды

Кайсериге барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар террор менен күрөшүү боюнча билдирүү жасады.

1982290
10 күндө 40 террорист жок кылынды

Акыркы 10 күндө террордук уюм ПККга мүчө 40ка жакын террорист жок кылынды.

Кайсериге барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар террор менен күрөшүү боюнча билдирүү жасады.

Террорду булагында жок кыла тургандарын баса белгилеген Акар: «Түрк аскерлеринин деми террористтердин желкесинде. Ирактын түндүгүндө террористтердин лагерлери, баш калкалоочу жайлары жана бункерлери жок кылынды, жок кылууну улантабыз. Кечээ Ирактын түндүгүндө уюмдун эки корбашчысы багынып беришти. Сирия чек арасында да үч террорист таасирсиз кылынды. Ушундайча акыркы 10 күндө 40ка жакын террорист жок кылынды»,-деп кабарлады.

Түркиянын Ирак жана Сирия баш болгон бардык кошуналарынын чек араларын жана жеринин бүтүндүгүн урматтаганын белгилеген Акар: «Бардык маектештерибизге айтып жатабыз»,-деди.

Түрк аскеринин Сириянын түндүгүндө түзүлүүсү пландалган террор коридоруна бөгөт болгонун эске салган Акар : «2015-жылдын 24-июлунан бери 37 миң 793 террорист жок кылынды»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар