Акар: "Ташталган ар бир кадам Түркиянын күчүн символдоштурат"
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар маалымат берди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Коргонуу жана коопсуздук тармагында ташталган ар бир кадам эл аралык рынокто маанилүү актерго айланган Түркиянын күчүн символдоштурат»,-деди.
Акар 2019-жылдын октябрь айында Кайсеридеги 12-Аба транспорту башкы база командирлигинде «Түрк аба күчтөрүнө 4-күчтөндүрүлгөн A400M учагын тапшыруу аземинде» жаңылоо келишимине кол коюлганын эске салды.
Келишимдин алкагында жаңыртылган 3 учактын Аба күчтөрү командирлигине тапшырылганын белгилеген Акар, жаңылоосу аяктаган 4-учакты да бүгүн өткөрүп алгандарын айтты.
Жардам иштери, эвакуация операциялары, аскердик операциялар, кызматкер жана жүк ташуу сыяктуу кеңири масштабда колдонулган А400М учактарынын акыркы 6-февралдагы жер титирөөдө чоң пайда көрсөткөнүн билдирген Акар: «Коргонуу жана коопсуздук тармагында ташталган ар бир кадам, ишке ашырылган ар бир долбоор Түркиянын эл аралык рынокто маанилүү актерго айланган күчүн символдоштурат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.