Чавушоглунун «Улуттук дообуз-Кипр» аттуу бөлүшүүсү

Чавушоглу жарым кылымдан бери аракет кылынган федерация чечим моделинин мындан ары ылайыктуу эмес экенин белгиледи.

1981270
Чавушоглунун «Улуттук дообуз-Кипр» аттуу бөлүшүүсү

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, кипрлик түрктөрдүн Кипр аралында жана анын айланасындагы энергия булактарында укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону улантып жатканын билдирди.

Министр Чавушоглу Твиттер эсебинен Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) көрсөткөн колдоосун «Улуттук дообуз-Кипр, демилгечи, гуманитардык жана эффективдүү тышкы саясатыбыз» деген билдирүү менен бөлүштү.

Жарым кылымдан бери аракет кылынган федерация чечим моделинин мындан ары ылайыктуу эмес экенин белгилеген Чавушоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын «эгемендик теңдиктин негизинде эки мамлекеттүү чечим» көз карашына күчтүү колдоосун баса белгиледи.

Чавушоглу Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Мамлекеттери Уюмуна «байкоочу мүчө» катары кабыл алынышын камсыздаганын  белгилеп, муну менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын биринчи жолу конституциялык аталышы менен эл аралык уюмга кабыл алынганын баса белгиледи.

46 жылдан бери жабык турган Мараштын ТКТРге кайра интеграцияланышы үчүн ТКТР өкмөтүнүн Марашка ачылышын колдогондорун белгилеген Чавушоглу: «Кипр аралында жана айланасындагы энергия булактарында кипрлик түрктөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргодук жана коргоону улантып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар