Президент Эрдогандын саламаттыгы жакшы

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен президент Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу билдирүү жасады.

1979979
Президент Эрдогандын саламаттыгы жакшы

Президент Режеп Таййип Эрдоган сыркоолоп калгандыгына байланыштуу программаларын токтотуп, дарыгерлердин кеңеши менен үйүндө эс алды.

Вице-президент Фуат Октай: «Президентибиз ишин улантат. Анын графиктери абдан тыгыз болчу. Ал өзү да билдирди, бир аз суук тийип калыптыр»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да социалдык медиа эсебинен президент Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу билдирүү жасады.

Ал:«Президентибиздин ден соолугуна карата айтылган негизсиз дооматтарды биз такыр четке кагабыз»,-деп билдирди.

Алтун билдирүүсүн англис тилинде да бөлүштү.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Кээ бир чет элдик маалымат каражаттарында президентибиздин ден соолугуна байланыштуу адеп-ахлаксыз жалган маалыматтар бар. Президентибиз кызматта. Бир аз эс алган соң программаларын мурдагыдай эле улантаарын билдирди»,-деп айтты.

Өмер Челик, президентке дүйнө жүзүнөн жана түрк улутунан келген ден-соолук, бакубатчылык каалоолор жана дубалар үчүн ыраазычылык билдирди.

Коммуникация башкармалыгынын, жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору да социалдык тармактагы эсебинен билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Кээ бир социалдык медиа эсептеринде бөлүшүлгөн «Президент Эрдогандын жүрөк оорусунан кийин ооруканага жаткырылганы» деген билдирүү чындыкты чагылдырбайт»,делди.



Тектеш кабарлар