Акар террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүккө басым жасады

Хулуси Акар Кайсери журналисттер коомуна барды.

1980234
Акар террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүккө басым жасады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, террор менен күрөшүүнүн акыркы террорист жок кылынганга чейин улана турганын билдирди.

Хулуси Акар Кайсери журналисттер коомуна барды. Бул жерде билдирүү жасаган Акар террор менен күрөшүүгө токтолду.

Кээ бир чөйрөлөрдүн террордук уюм ПКК менен ЙПГны башкача көрсөтүүгө аракет кылганын айткан Акар: «Мындай нерсе эч качан кабыл алынбайт»,-деди.

ПКК менен ЙПГнын бирдей экенин баса белгилеген Акар: «Булар биздин коопсуздугубузга коркунуч келтирет. Биз да аларга каршы күрөштү улантуудабыз. Акыркы террорист жок кылынмайынча күрөш уланат»,-деди.

Министр Акар уланып жаткан операцияларга токтолуп: «Ирактын түндүгүндөгү операцияларыбыз түрк аскерлери тарабынан чоң ийгилик менен жүргүзүлүүдө. Ал жердеги террористтердин баш калкалоочу жайлары, бункерлери жана уюктары жок кылынды. Жок кылуу иштери уланууда. Сириянын түндүгүндө террористтер террордук коридор курууга умтулушту. Кээ бирөөлөрдүн колдоосу менен ал жерде бир нерсе кылууга аракет кылышты, ким курал-жарак, шайман, жабдык, акча берип колдоо көрсөтсө дагы аларды өздөрү казган чуңкурларга көмүүгө чечкиндүүбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар