Шентоп Чехиянын Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун Европа Биримдигинин (ЕБ) Парламент төрагалары саммитине катышуу үчүн барган Чехиянын борбор шаары Прагадагы жолугушуусу басма сөзгө жабык өттү.

1979563
Шентоп Чехиянын Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Чехиянын Сенатынын төрагасы Милош Выстрцил менен жолугушту.

Шентоптун Европа Биримдигинин (ЕБ) Парламент төрагалары саммитине катышуу үчүн барган Чехиянын борбор шаары Прагадагы жолугушуусу басма сөзгө жабык өттү.

Жолугушууда Орусия-Украина согушу, Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгү жана Евробиримдиктин кеңейүү саясаты талкууланды.

Шентоп жолугушууда критикалык мезгилде чыгарыла турган чечимдердин маанилүү экенин, Европа Биримдигинин аймактагы жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларга реакция кылууда олку-солку болгонун жана кеч жооп бергенин айтты.

Шентоп Молдова менен Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине байланыштуу кадамдын эртерээк ташталышы мүмкүн болчу экенин, Балкандын Европа Биримдигине мүчөлүгү үчүн өз убагында жана эффективдүү чечимдердин алынбай калганын айтты.

Шентоп: «Европа Биримдиги чындыкка туура келген тезирээк, эффективдүү чечимдерди кабыл алышы керек. Түркия менен болгон карым-катнаштар бул контекстте эң маанилүү мисал. Евробиримдиктин Түркия менен болгон карым-катнаштары стратегиялык чечимдер болуп саналат. Бул маселелерди Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун же Грециянын кээ бир тар көз караштарына индекстөө менен садага чабылышы чоң жаңылыштык»,-деп өз баасын берди.

Түркиянын Украинадагы согуштун тез арада бүтүшүн каалаганын белгилеген Шентоп: «Украина кабыл ала турган адилеттүү тынчтык эң кыска убакытта түзүлүшү керек, бул үчүн аракетибизди улантабыз»,-деди.

Швециянын НАТОго мүчөлүк маселесине токтолгон Шентоп, Түркиянын талабынын абдан ачык экенин баса белгилеп:«Түркиянын талабы, өз коопсуздугуна коркунуч келтирген ПКК/ПЙД террордук уюмдарынын шериктеш болууну каалаган өлкөлөр тарабынан колдоого алынбоосу. Бул процессте Швециянын конкреттүү кадам таштоосун күтөбүз, конкреттүү кадамдарды көргүбүз келет»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар