Эрдоган:«Биз башыбыздан өткөндөрдү эч кимдин башынан өткөрүшүн каалабайбыз»

Президент Эрдоган Президенттик комплексте өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөп, апааттарда өзгөчө кызмат көрсөткөндөргө Түркияга тиешелүү төш белги менен ыраазычылык билдире тургандарын айтты.

1979383
Эрдоган:«Биз башыбыздан өткөндөрдү эч кимдин башынан өткөрүшүн каалабайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөө менен күрөшүүнүн символу жана командалары болгон жергиликтүү жана чет элдик 55 миң кишиге «Мамлекеттик Жогорку Берилгендик» ордени жана медалы тапшырыла турганын айтты.

Президент Эрдоган Президенттик комплексте өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөп, апааттарда өзгөчө кызмат көрсөткөндөргө Түркияга тиешелүү төш белги менен ыраазычылык билдире тургандарын белгилеп, жер титирөөгө каршы күрөшүүдө символго айланган  ысымдар менен командалардан турган 55 миң жергиликтүү жана чет элдик кишиге «Мамлекеттик Жогорку Берилгендик» ордени жана медалы тапшырыла турганын билдирди.

«Биз башыбыздан өткөндөрдү эч кимдин башынан өткөрүшүн каалабайбыз, бирок кырсыктар турмуш чындыгы экенин унутпайбыз»,-деп айткан Эрдоган эң оор күндөрдө Түркиянын жанында тургандарды көз жаздымда калтыра албай тургандарын, жакшылыкты жоопсуз калтырбай тургандарын айтты.

Дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 11 миң 320 команданын Түркияга жардам бергенин түшүндүргөн Эрдоган: «Дүйнөнүн аркы четиндеги бир туугандарыбыздын тиленүүсүн жана колдоосун да жаныбызда бирге сездик. Мурда биз кимге эч нерсе күтпөстөн жардам берген болсок, алар да биз менен бирге болушту./.../ Кара күндөгү бардык досторубузду билебиз. Биз ар бир жардам колун сунганга ыраазычылыгыбызды ар кандай жолдор менен көрсөтүүнү улантабыз. Бүгүнкү орден жана медалдар биздин өлкөнүн чын жүрөктөн ыраазычылыгы болуп саналат. Сиз 85 миллиондун жүрөгүнөн өзгөчө орун алдыңыз. Ар бириңиздер көрсөткөн берилгендигиңиздер менен өз ысымдарыңызды тарыхта калтырдыңыздар. Ишеним, тил жана маданият айырмачылыктарына карабастан, биздин дартыбыздын орток экенин көрсөттүңүздөр./.../ Биз да, имараттын астынан сууруп чыгарган бир туугандарыбыз да сиздин аракетиңизди эч качан унутпайбыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган андан кийин «Мамлекеттик Жогорку Берилгендик» ордени жана медалы менен сыйланган биринчи топко орден жана медалдарын тапшырды.



Тектеш кабарлар