Чавушоглу Меконнен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Судандагы түрк жарандарынын эвакуацияланышына байланыштуу темалар талкууланды.

1978983
Чавушоглу Меконнен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Эфиопиянын тышкы иштер министри Меконнен менен Судандагы түрк жарандарынын эвакуацияланышы тууралуу телефондук сүйлөшүү өткөрдү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда Чавушоглу эфиопиялык кесиптеши Меконнен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Судандагы түрк жарандарынын эвакуацияланышына байланыштуу темалар талкууланды.

Судандын борбору Хартумда жана берки шаарларда 15-апрелдин таңында армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсеси Судандагы кагылышууларда ушул кезге чейин кеминде 427 кишинин каза болгонун жана 3700дөн ашуун кишинин жараланганын билдирген. 



Тектеш кабарлар