Эрдоган улуттук технологияга басым жасады

Президент Эрдоган 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин курулган Байкар Контейнер шаарына болгон сапарында сөз сүйлөдү.

1978227
Эрдоган улуттук технологияга басым жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган улуттук коргоо өнөр жайы тармагындагы ар бир өнүгүүнүн да Түркиянын улуттук технологиялык кыймылында жаңы кадам экенин белгиледи.

Президент Эрдоган 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин курулган Байкар Контейнер шаарына болгон сапарында сөз сүйлөдү.

Өкмөт тарабынан жасалган жакшы жана урунттуу өнүгүүлөргө токтолгон Эрдоган, куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА / КУУА) кургандарын, дүйнөнүн биринчи КУУA кемеси TCG Анадолуну сууга түшүрүшкөнүн жана учкучсуз согуштук учак Кызылелманы асманга учургандарын эске салды.

Бул өнүгүүлөрдүн өлкөгө күч кошоорун баса белгилеген Эрдоган: «Коргонуу өнөр жайындагы ар бир өнүгүү да Түркиянын улуттук технология кыймылында таштаган жаңы кадамы»,-деди.

Түркиянын 21 жылдык аракетинин жемиши болгон демократия жана өнүгүү жетишкендиктерине тийишкендерге көз жумбай тургандарын, өлкөнүн жана улуттун келечеги үчүн кепилдиги болгон «бир улут, бир желек, бир өлкө» урааны менен кыймылдай тургандарын билдирген Эрдоган ушундайча бардык оюндарды жеңе тургандарын белгиледи.

Улут менен бирге террордук уюмдарга каршы чоң күрөш жүргүзүп жатышканын баса белгилеген Президент: «Бул террордук уюмдарды улутубуз менен бирге Жуди, Габар жана Тендүректе үңкүрлөргө көмдүк, мындан ары көмүүнү улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар