Ички иштер министри Сойлу жер титирөөдө 50 миң 783 кишинин каза болгондугун айтты

Сүлейман Сойлу урандыларды тазалоо иштеринин АФАДдын көзөмөлүндө жана губернаторлордун координациясында жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

1978110
Ички иштер министри Сойлу жер титирөөдө 50 миң 783  кишинин каза болгондугун айтты

Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны  50 миң 783кө жетти.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу катышкан телекөрсөтүү программасында 6 -  февралда болгон Кахраманмараш жер титирөөлөрүндө каза болгондордун саны 50 миң 783кө жеткендигин айтты.

Сойлу каза болгон мигранттрдын саны7 миң 302 экендигин белгиледи.

Министр Сойлу жер титирөө болгон аймакка 81 облустан 85 миллион жарандын жардам алып баргандыгын, мамлекеттин ал жерде болгонун, баарынын чоң аракет кылгандыгын  белгиледи.

Азыркы учурда аймакта  урандыларды тазалоо иштеринин АФАДдын көзөмөлүндө жана губернаторлордун координациясында жүргүзүлүп жаткандыгын айткан Сойлу : "11  аймакта 57 миң урандынын 50 миңи бүттү. Анын көпчүлүк бөлүгү Хатайда. Майрамга чейин бүткөрөрүбүздү айткан болчубуз. Чукул түрдө кулатыла турган имараттардын баары кулатылды. 10 күндүн ичинде да оор  зыян тарткан имараттарды кулата баштайбыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар