Түркия Йеменге көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.

1977667
Түркия Йеменге көңүл айтты

Түркия Йеменде жардамдарды бөлүштүрүү учурундагы тыгында көп сандаган кишинин каза болушуна жана жаракат алышына терең кайгырганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Дос жана боордош Йемен эли менен өкмөтүнө көңүл айтып, каза болгондорго Аллахтан ырайым тилейбиз. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», деген сөздөр камтылды.

Санадагы Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдулхалик ал-Асери, Санада бир ишкер каржылык жардам таратып жатканда болгон окуяда ондогон кишинин каза тапканын жана көп сандаган кишинин жаракат алганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар