Акар: "Үч күндө 18 террорист жок кылынды"
Министр Акар Кайсериде билдирүү жасады.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, түрк аскерлеринин Ирак жана Сириянын түндүгүндө акыркы 3 күндө 18 террористти жок кылганын билдирди.
Акар Кайсериде сүйлөгөн сөзүндө, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Республика тарыхындагы эң күчтүү жана комплекстүү операцияларды жүргүзгөнүн маалымдап: «Террордук уюмдан олуттуу качуулар бар. Уюм таркап жатат. Анын бүтөрүнө ишенем»,- деди.
Түрк аскерлеринин чек араларды жана жарандарды коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасоону улантып жатканын баса белгилеген Акар: «Артында ким турса дагы, аларга ким курал-жарак, ок-дары же тик учак берсе дагы, биздин аларга каршы күрөшүбүз бүтпөйт, эң акыркы терроррист таасирсиз кылынганга чейин күрөшүбүз уланат. Түрк аскерлери Ирактын түндүгүндө жана Сирияда 18 террористти жок кылды»,-деп билдирди.
Акар, террористтер тарабынан «жетүүгө мүмкүн эмес» деп эсептелген жерлерге түрк аскерлеринин кирип, террордук уюктарды жок кылгандарын кабарлады жана 2015-жылдын 24-июлунан бери жалпысынан 37 миң 756 террористтин таасирсиз кылынганын айтты.