TPAO кургактыкка жеткен Кара деңиз газы тууралуу маалымат бөлүштү

Видеодо сыноо процесстери да камтылды.

1976833
TPAO кургактыкка жеткен Кара деңиз газы тууралуу маалымат бөлүштү

Түрк мунайзаттар корпорациясы (TPAO) социалдык медиа баракчасы Твиттерден кургактыкка жеткен Кара деңиз газы тууралуу маалымат бөлүштү.

TPAOнун Твиттердеги видеолуу билдирүүсүндө: «Энергетикада көз карандысыз Түркия максаты менен баштаган жолубузда чечкиндүүлүк, чыдамкайлык, ишеним менен иштеп, убадабызды аткардык жана Кара деңиз газын Сакария газ кениндеги кургактык обьектине ийгиликтүү алып келдик. Кара деңиз жаратылыш газын ишке киргизүү аземи үчүн даярбыз. Бул долбоорго күч-аракетин жумшаган ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтылды.

Бир тараптан видеодо кургактыкка жеткирилген жаратылыш газынын Зоңгулдак Фильос жаратылыш газ иштетүү ишканасынын күйгүзүү бөлүмүндөгү дрон менен тартылган сыноо процесстери да камтылды.



Тектеш кабарлар