Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдүн сүрөттөрү АКШ Конгрессинде көргөзмөгө коюлду

Коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 16-21-апрелинин аралыгында АКШда «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн Кахраманмараштагы жер титирөөлөр боюнча бир катар панелдер жана жыйындарды өткөрүүдө.

1976473
Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдүн сүрөттөрү АКШ Конгрессинде көргөзмөгө коюлду

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдүн кыйратуусун көрсөткөн фотосүрөттөрдү Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Конгресс имаратында адамдардын назарына сунуштады.

Коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 16-21-апрелинин аралыгында АКШда «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн Кахраманмараштагы жер титирөөлөр боюнча бир катар панелдер жана жыйындарды өткөрүүдө.

Бул аракеттердин алкагында Коммуникация башкармалыгы «Кылымдын апаатынын» сүрөт көргөзмөсүн ачты, анда Конгресстин Рэйберн имаратындагы жер титирөөлөрдүн кыйраткандыгын көрсөткөн 20дан ашык фотосүрөт көргөзмөгө коюлду.

Көргөзмөнүн ачылышында Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Өнөр жай, соода, энергетика, жаратылыш ресурстары, маалымат жана технология комиссиясынын төрагасы жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Конья депутаты Зия Алтунялдыз, Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) Жер титирөө жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча башкы директору профессор Доктор Орхан Татар, Президенттиктин Коопсуздук жана тышкы саясат кеңешинин мүчөлөрү профессор доктор Чагры Эрхан жана профессор доктор Нуршин Атешоглу Гүнэй, Коммуникация башкармалыгынын башчы орун басары доцент доктор Чагатай Өздемир катышты.

Бир тараптан көргөзмөгө АКШ Конгрессинен Түрк-Америка достук тобунун теңтөрагасы жана Түштүк Каролина өкүлү Жо Вилсон жана Техас өкүлү Пит Сешнс да катышты.

Түрк-Америка коомчулугунан көп киши катышкан көргөзмөдө ачылыш сөз сүйлөгөн депутат Алтунялдыз, 6-февралда Кахраманмараш баш болгон 11 провинцияда болгон жер титирөөнүн өзгөчө чоң болгонун, бирок жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу аракети уланып жатканын айтты.

Вильсондун аракети менен Өкүлдөр палатасында жер титирөөдөн жапа чеккен Түркия жана Сирияга көңүл айткан, Түркия жана Сирия калкына АКШнын көрсөткөн колдоосуна баа берилген Резолюция долбоорунун кабыл алынганын эске салган Алтунялдыз Түштүк Каролина өкүлүнө ыраазычылык билдирди.

Вильсон болсо мыйзам долбоорунун кабыл алынышына өзүнүн канааттангандыгын билдирди жана эки өлкөнүн ортосундагы узак жылдардан берки шериктештикти баса белгиледи.

Сешнс өзүнүн билдирүүсүндө: «Бүгүн биз жер титирөөлөр эле эмес, катуу жер титирөөлөр болгон күндү эстейбиз. Биз башкаларга жардам берүүгө өзүн арнагандарды жакшылык менен эскеришибиз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар