Мевлүт Чавушоглу Пан аманын тышкы иштер министри Жанайна Тевани Менкомо менен жолугушту

Тышкы иштер министри бул тууралуу Твиттерден маалымат берди.

1975344
Мевлүт Чавушоглу Пан аманын тышкы иштер министри Жанайна Тевани Менкомо менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Панаманын тышкы иштер министри Жанайна Тевани Менкомо менен жолугушту.

Министр Чавушоглу панамалык кесиптеши Менкомо менен Стамбулда жолуккандыгын Твиттер эсебинен бөлүштү.

Жер титирөөдөн улам тилектештик жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген Чавушоглу : «Экономика, транспорт, маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташуубузду талкууладык. Палестина жана Украинадагы учурдагы абалдар күн тартибинен орун алды",- деди. 

Чавушоглу Ливиянын Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Халид Аммар ел-Мишри менен да жолугуп, учурдагы абалдарды сүйлөшкөнүн жана Ливияда адилеттүү, эркин жана ачык шайлоо өткөрүлүшүнө колдоо көрсөткөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар