Эрдоган Диярбакырда уюштурулган ифтарда жер титирөөдөн жабыркагандар менен маектешти

Президент Режеп Таййип Эрдоган террордон тазаланган шаарлардын тынчтыкка жетишкендигин, өнүгүү аракеттери менен таанышкандыгын белгиледи.

1975217

Президент Эрдоган Диярбакырда уюштурулган ифтарда жер титирөөдөн жабыркагандар менен маектешти.

Акыркы үч жылдан бери коронавирус эпидемиясы жана андан кийин 6-февралдагы жер титирөө кырсыгынан улам кайгылуу Рамазан айын өткөрүшкөндөрүн айткан Эрдоган, жер титирөөдөн улам 50 миң адамдын сөөгүн жерге беришкендерин  айтты.

Эрдоган : «Окумуштуулар Кахраманмараш эпицентри болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрүнү кылымдын апааты деп мүнөздөштү. Ал түндү жашагандар, аймакка баргандар кылымдын апааты аныктамасынын туураа айтылгандыгын кабыл алышууда. Мындан мурдагы сел, жер титирөө, өрт апааттарында элибизге берген убадаларды кандай аткарган болсок,бул жерде да катуу иштеп жатабыз»,- деди.

Террорго каршы жүргүзүлгөн күрөшкө да басым жасаган Эрдоган : «Аймагыбыздан террордун караңгы көлөкөсү жок болгон сайын  шаарларыбыз тынчтыкка жетишип, инвестиция менен тейлөө менен жумуш менен камсыз кылуу менен жапа тырмак өнүгүү аракети менен таанышып жатат»,- деди.

Тектеш кабарлар