Сойлу: «Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 50 миң 500»

Министр Сойлу Кахраманмарашта маалымат жыйынын өткөрдү.

1974984
Сойлу: «Жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 50 миң 500»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон 11 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн 50 миң 500 кишинин каза тапканын билдирди.

Кахраманмарашта маалымат жыйынын өткөргөн Сойлу, кыйраган 57 миң 29 имараттын 40 миң 969унун урандыларынын тазалангандыгын айтты.

Сойлу аймакта 66 миң контейнер үйдүн курулганын, бул сандын жакында 100 миңге жете турганын маалымдады.

Очогу Кахраманмараш болгон 11 облустагы жер титирөөлөрдөн 50 миң 500 кишинин каза тапканын кабарлаган Сойлу, 1020 кишинин өздүгүнүн аныктала албаганын жана соттук экспертизалардын уланып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар