Египеттин тышкы иштер министри эртең Түркияга келет

Шүкринин Түркияга сапарынын алкагында эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык жагдайлар каралат.

1973838
Египеттин тышкы иштер министри эртең Түркияга келет

Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу менен эртең Түркияга расмий сапар менен келет.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Шүкринин Түркияга сапарынын алкагында эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык жагдайлар каралат.

Министр Шукри очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин тилектештик жана көңүл айтуу үчүн 27-февралда Түркияга келип, Чавушоглу менен жолугушкан болчу.

Египет ошондой эле жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн Түркияга гуманитардык жардам жөнөткөн.

Чавушоглу кесиптеши Шукринин чакыруусу менен 18-мартта расмий сапар менен Египетке барган.

Министр Чавушоглу 11 жылдан кийин Түркиядан Египетке барган биринчи тышкы иштер министри болду.



Тектеш кабарлар