Чавушоглу: «Сирия жыйыны май айында болушу мүмкүн»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жеке менчик телеканалда билдирүү жасады.

1972666
Чавушоглу: «Сирия жыйыны май айында болушу мүмкүн»

Түркия, Орусия, Сирия жана Ирандын тышкы иштер министрлери чогула турган жыйындын календары тактала баштады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жеке менчик телеканалда билдирүү жасады.

Чавушоглу Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлүшү пландалган Сирия темалуу жыйындын май айынын башында болушу мүмкүн экенин айтты.

Министр Чавушоглу: «Алдыдагы мезгилде төрт тараптуу жыйын пландалууда. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде. Орустардан алган алдын ала маалымат боюнча май айы сыяктуу мезгилде болот деп ойлойбуз. Мурдагы жолугушуудагыдай Москвада болот»,-деди.

3-4-апрелде Москвада Түркия, Орусия, Иран жана Сириянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде төрт тараптуу техникалык жыйын өткөрүлгөн.

Тараптар Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына даярдык көрүү темаларын талкуулап, ар бир өлкө өзүнүн позициясын жана көз караштарын ачык-айкын билдирген.

Бул контекстте тараптар консультацияларды улантууну макулдашкан.



Тектеш кабарлар