Гөбеклитепе жер титирөөлөрдөн кийин зыяратчыларга ачылды

Шанлыурфанын аймактык туристтик гиддер палатасынын башкы катчысы Мүслүм Чобан маалымат берди.

1969173
Гөбеклитепе жер титирөөлөрдөн кийин зыяратчыларга ачылды

6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин чара көрүү максатында зыяратчыларга жабылган Шанлыурфадагы Гөбеклитепе урандылары кайрадан конокторун тосуп ала баштады.

Шанлыурфанын аймактык туристтик гиддер палатасынын башкы катчысы Мүслүм Чобан, Түркиянын катуу жер титирөөлөрдү башынан өткөргөнүн айтты.

Гөбеклитепенин аймактын туризм локомотивдеринин алдыңкы сабында экенине көңүл бурган Чобан, жашоону акырындык менен нормалдуу абалга келтирүү үчүн ар бир сектордун колунан келгендин баарын жасап жатканын билдирди.

Гөбеклитепенин жер титирөөдөн зыян тартпаганын баса белгилеген Чобан, бүгүнтөн тарта Гөбеклитепенин зыяратчыларга ачылганын маалымдады.

Гөбеклитепени кыдырган англиялык турист Жемс Аскар да биринчи жолу барган урандыларга таң калганын билдирип: «Бул аймакта көптөгөн музейлер жана көпчүлүк жерлер жабык. Түркия жана Сириядагы жер титирөөлөрдөн кийин Гөбеклитепенин ачылышы абдан жакшы кабар, келип көрүп кетиңиздер»,- деди.

Британ археологу Розана Аматтек болсо Гөбеклитепенин дүйнө тарыхы жагынан маанисине басым жасап: «Гөбеклитепе чоң археологиялык мааниге ээ. Анын жер титирөөдөн кийин ачылганы биз үчүн абдан жакшы болду. Бул жерди баары келип көрүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар