Чавушоглу Нью-Йоркто түрк журналисттерине маалымат берди

Чавушоглу АКШнын Нью-Йорк шаарында түрк журналисттери менен тышкы саясаттагы жагдайлар тууралуу баарлашты.

1969023
Чавушоглу Нью-Йоркто түрк журналисттерине маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сириядагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга ар кандай курал-жарак жана машыгуу колдоосун берип жатканынын ачык-айкын экенин айтты.

Чавушоглу АКШнын Нью-Йорк шаарында түрк журналисттери менен тышкы саясаттагы жагдайлар тууралуу баарлашты.

Сириянын түндүк-чыгышынан абага көтөрүлүп, Түндүк Иракта кулаган ПКК мүчөлөрүн ташыган тик учак тууралуу суроого жооп берган Чавушоглу: «АКШнын Сириядагы ЙПГ/ПККга ар кандай курал-жарак, техника жана машыгуу колдоосун берип жатканы ачык-айкын. Муну да ансыз деле жашыра алышпайт. Алардын шылтоосу бар, ал да "ДЕАШ менен күрөшүү". Албетте бул тик учактын кимге таандык экени маанилүү. Ким сатып алган, ким бөлүп берген, ким пайдаланууга мажбур кылган?»,-деди.

Министр Чавушоглу АКШ тик учактар ​​тууралуу билеби деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

«Ал аймактын аба мейкиндигин ким көзөмөлдөйт? Америка. Ошондуктан аба мейкиндиги кимдин көзөмөлүндө болсо баарын билиши керек. Аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн органдан уруксатсыз тик учактын учушу мүмкүн эмес»,-деди.

АКШ аскерлеринин Сирияда бар-жогу жана АКШнын башкы штабынын төрагасы өткөн айда аймакка жасаган сапарында ПКК мүчөлөрү менен жолуктубу деген суроого Чавушоглу, Америка аскерлеринин ЙПГ/ПККга колдоо көрсөтүү үчүн Сирияда экенин айтып: «Башкы штабдын төрагасы алар менен жолугушабы же жокпу маанилүү эмес. Террористтерди, ПКК мүчөлөрүн машыктырган аскерлери менен жолугууда»,-деди.



Тектеш кабарлар