Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында Финляндиянын НАТОго кошулушу бекитилди

Депутаттардын добушуна коюлган сунуш кабыл алынды.

1967748
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында Финляндиянын НАТОго кошулушу бекитилди

Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколунун бекитилиши жөнүндөгү мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында  Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна байланыштуу протоколду бекитүү сунушу каралды.

Депутаттардын добушуна коюлган сунуш кабыл алынды.

Ушундайча өлкөнүн НАТОго мүчө болушу үчүн парламенттеги кадамы аяктады. Финляндия мындан мурда НАТОго мүчө 29 өлкөнүн уруксатын алган.

Түркиянын да уруксат бериши менен мүчөлүгү ишке ашат. Жалпы жыйында кабыл алынган текст бекитүү үчүн президент Эрдоганга жөнөтүлөт.



Тектеш кабарлар