SİDA MARLİNден биринчи жолу радар башкарган ок-дары атылды

Түркиянын алгачкы капитансыз куралдуу деңиз унаасы SİDA MARLINден биринчи жолу радар башкарган ок-дары атылды.

1966441
SİDA MARLİNден биринчи жолу радар башкарган ок-дары атылды

Түркиянын алгачкы капитансыз куралдуу деңиз унаасы SİDA MARLINден биринчи жолу радар башкарган ок-дары атылды.

Түркия Илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемеси ТҮБИТАК, Коргоо өнөр жайы изилдөө жана өнүктүрүү институту САГЕ тарабынан чыгарылган катуу отундуу ата мекендик канаттуу ракета Kuzgun-KY SİDA MARLINден баллистикалык атуу менен ийгиликтүү сыноодон өттү.

Коргоо өнөр жайы башкармалыгы жана Деңиз күчтөрү  командирлигинин жетекчилери катышкан атууларда Kuzgun-KY  канаттуу ракетасы миссиясын көзөмөлдөө станциясы мүмкүнчүлүгү менен алыстан башкаруу менен   ийгиликтүү атылды.

Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Твиттерден маалымат берип : "Капитансыз деңиз унааларыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келүүнү улантуудабыз. MARLINден катуу отун менен иштеген Kuzgun канаттуу ракетасы менен SİDAдан биринчи жолу радар башкарган ок  - дары атылды. Бул тармакта да жогорку  деңгээлге чыгууда чечкиндүүбүз",- деди. 

 

 


Этикеткалар: #SİDA MARLINден , #Түркиянын

Тектеш кабарлар