Танзания менен Түркмөнстан Түркияга жардам жиберди

Танзаниянын Анкара элчиси Якуп Хасан Мухаммед өлкөсүнүн атынан жер титирөөдөн жабыркагандарга 1 миллион долларлык жардамды Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгына (AFAD) жеткиргендерин жарыялады.

1964942
Танзания  менен Түркмөнстан Түркияга жардам жиберди

Түркмөнстанда «Кызыл Жарым Ай» жардам агенттиги 6 - февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга болжол менен 1,5 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Түркиянын Ашхабаддагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Кызыл Жарым Ай жардам агенттиги элчиликтин координациясы менен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жууркан, кийим-кече жана азык-түлүктөн турган 1,5 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөттү.

Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал Twitter баракчасынан берилген билдрүүдө Түркмөнстандан 145 тонна дары-дармек, медициналык буюмдар, кийим-кече жана азык-түлүк, ошондой эле 6 миң 835 жууркан, 667 керебет, 60 жылыткыч, 20 генератор, 7 чатыр, 6 мобилдик ажаткананын жөнөтүлгөндүгүн маалымдаган.

Танзания 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга 1 миллион долларлык жардам жөнөттү.

Танзаниянын Анкара элчиси Якуп Хасан Мухаммед өлкөсүнүн атынан жер титирөөдөн жабыркагандарга 1 миллион долларлык жардамды Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгына (AFAD) жеткиргендерин жарыялады.

Бир тараптан Мухаммед Танзаниянын президенти Самия Сулуху Хасан жана Танзания калкынын атынан президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк элине көңүл айтты.

Фредди бороонунан улам Малавиге да жардам жөнөткөндөрүн белгилеген Мухаммед, бул өлкөгө да 1 миллион долларлык жардам бергендерин белгиледи.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар