Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия -  Россия карым - катнаштарын өнүктүрө турган  кадамдар жана  Россия  - Украина согушуна байланыштуу абалдар талкууланды.

1964996
Эрдоган Путин менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия -  Россия карым - катнаштарын өнүктүрө турган  кадамдар жана  Россия  - Украина согушуна байланыштуу абалдар талкууланды. 

 

Кара деңиз дан демилгесинин кайрадан узартылышына карата мамилесинен улам Россиянын президенти Путинге ыраазычылык билдирген Эрдоган Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуулардын  сүйлөшүү болу менен эртерээк аякташына маани бергендерин айтты.

Президент Эрдоган Россиянын Сочи шаарында макулдашылган экономикалык кызматташтыктын негизинде жаңы кадамдарды таштай ала тургандарын айтты.

Кремлден берилген маалыматта да эки лидердин соода жана экономикалык карым  - катнаштардын динмикаларына, газ өткөрүү жана Түркияда Аккуюу атомдук станциясынын курулушу менен бирге энергетика секторундагы биргелешкен стратегиялык долбоорлор процессинен ыраазы экендерин билдиришкендери белгиленди.

Сүйлөшүүдө жер титирөөдөн кийин кыйраган инфраструктураны жана үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн Россиядан курулуш материалдарын сатып алууну уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө  боюнча макулдашылганы баса белгиленди.

Эки лидердин Сирия маселеси тууралуу сүйлөшкөндүгү,   нормалдашуу процессинин улантылышынын мааниси  баса белгиленди. Путиндин Рамазан майрамынан улам президент Эрдоганга жана түрк элине жакшы каалоо-тилектерин айткандыгы маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар