Коммуникация башкармалыгы "Кылымдын апааты" кампаниясын баштады

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун кампания тууралуу баа берди.

1964139
Коммуникация башкармалыгы "Кылымдын апааты" кампаниясын баштады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы 6 – февралда болгон Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин көрсөтүлгөн тилектештикке көңүл буруу максатында «Кылымдын тилектештиги кампаниясын» баштады.

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, «Биргеликте Түркиябыз» деген урааны менен башталган кампанияда жер титирөөдөн жабыркагандардын жараларын айыктыруу аракеттерине көңүл бурулуп, мамлекет менен жалпы тилектештиктин мааниси баса белгиленди.

Кампаниянын алкагында жарыяланган коомдук кызмат жарыясында да жер титирөөнүн чоңдугу, издөө-куткаруу иштери, жардам аракеттери, мамлекеттин, бейөкмөт уюмдар жана ыктыярчылардын тилектештик сүрөттөрү бөлүшүлдү.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун кампания тууралуу баа берүүсүндө  6 -  февралда 14 миллион ьишиге түздөн түз таасири тийген Кахраманмараш жер титирөөлөрүнүн чоң кыйроого жана кыйынчылыкка жол ачкандыгын белгиледи.

Кылымдын апаатынын алгачкы учурларынан тартып мамлекет менен улуттун биргеликте аракет кылганын баса белгилеген Алтун : «Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде аймактагы бардык мекеме жана уюмдарыбыз издөө-куткаруу жана жардам көрсөтүү иштерине мобилизацияланды. Жер титирөө аймактарындагы бир туугандарыбыздын кайгысын азайтып, жараларын айыктыруу жана апааттын кыйратуучу жыйынтыктары менен тайманбастык жана чечкиндүүлүк менен күрөшүү максатында мамлекетибиз жана элибиз бүткүл дүйнөгө үлгү болгон кылымдын тилектештигин көрсөттү.Ортого салынган бул тилектештикти дагы да бекемдейбиз. Түркиянын бул кыйын күндөрүн артта калтырып, жараларын айыктырып, жарандарыбызды эртерээк үйлөрүнө ээ кылуу, аймакты кайрадан куруу үчүн биз да болгон күчүбүз менен күнү  - түнү иштейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар