Эмине Эрдоган БУУнун атайын чакыруусу менен Нью-Йоркко барат

Эмине Эрдоган БУУнун сессиясында, Түркияда ишке ашырылган «Нөл калдык» долбоорунун дүйнөгө кеңири жайылышына чакырык салат.

1964059
Эмине Эрдоган БУУнун атайын чакыруусу менен Нью-Йоркко барат

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 30-мартта боло турган атайын сессиясында, Түркияда ишке ашырылган «Нөл калдык» долбоорунун дүйнөгө кеңири жайылышына чакырык салат.

2022-жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-жыйынында Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушкан Эмине Эрдоган эки тараптуу климаттык кризис менен күрөшүүнүн алкагында «Глобалдык нөл калдык боюнча жакшы ниет билдирүүсүнө» кол койгон.

2022-жылдын 15-декабрында өткөрүлгөн БУУнун Башкы ассамблеясында Түркия тарабынан БУУнун 77-Башкы Ассамблеясына сунуш кылынган «Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн нөл калдык практикасын жайылтуу» жөнүндөгү «нөл калдык» резолюциясы кабыл алынган.

Бул чечим менен Башкы ассамблея 30-мартты Эл аралык таштандысыз күнү деп жарыялаган.

Эмине Эрдоган ушул алкакта 30-Март Эл аралык таштандысыз күнүнө карата өтө турган атайын сессияга катышуу үчүн БУУнун Башкы катчылыгынын атайын коногу катары Нью-Йоркко барат.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Гутерриш жана БУУнун Хабитат аткаруучу директору Маймунах Мохд Шариф менен атайын сессияда сөз сүйлөй турган Эмине Эрдоган, Түркияда ишке ашырылган «Нөл калдык» долбоорунун чоо-жайын түшүндүрүп, туруктуу калдыктарды башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнүн ортосундагы байланыштын алкагында долбоордун ишке ашырылышын дүйнө жүзү боюнча жайылтууга чакырат.

Эмине Эрдоган менен бирге тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Эл аралык таштандысыз күнүнө карата иш-чараларга катышуу үчүн Нью-Йоркко барат.



Тектеш кабарлар