Эрдоган: «Террордун бардык түрү менен күрөшүү чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу тастыктадык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа эс-Судани менен жекеме жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1963186
Эрдоган: «Террордун бардык түрү менен күрөшүү чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу тастыктадык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа эс-Судани менен бирге террордун бардык түрү менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктөрүн тастыктаганын билдирди.

Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Судани менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолукту.

Жекеме жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Эрдоган менен Шия эс-Судани биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Премьер-министр Шия эс-Судани менен болгон жолугушууларында эки тараптуу карым-катнаштарды бардык өңүттөн талкуулагандарын билдирген Эрдоган: «Террордун бардык түрү менен күрөшүү чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу тастыктадык. Басрадан Түркия чек арасына чейин созулган жол жана темир жол транспорт коридорунун курулушу үчүн «Өнүгүү жолу долбоорун» ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөө чечкиндүүлүгүбүздү баса белгиледик»,-деди.

Ирактын премьер-министри менен болгон жолугушуусунда негизинен ПКК, ДЕАШ жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүүнүн сүйлөшүлгөнүн баса белгилеген Эрдоган:«Бул уюмдар эки өлкөгө тең коркунуч туудурары анык. Ирактык боордошторубуздан күткөнүбүз ПККны террордук уюм катары таанып, жерлерин бул кандуу террор уюмунан тазалоосу»,-деп айтты.

Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүүдө Ирак менен ар кандай кызматташтыкка даяр экенин баса белгиледи.

Эрдоган өткөн жылы 24 миллиард доллардан ашып рекорд койгон Түркия менен Ирактын соода көлөмүн дагы да көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Президент : «Улутубуз менен бирге Ирактагы бардык боордошторубузду жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамын куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар