Чавушоглу Аль Нахайян менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 50 жылдыгы жана эки тараптуу саясий-экономикалык алакалардын талкууланганы маалым болду.

1963127
Чавушоглу Аль Нахайян менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдуллах бин Заид Аль Нахайян менен эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым- катнаштардын 50 жылдыгын талкуулады.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 50 жылдыгы жана эки тараптуу саясий-экономикалык алакалардын талкууланганы маалымдалды.

Чавушоглу 6-февралда Түркияда болгон жер титирөөлөрдөн кийин тилектештик жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн БАЭге ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары Чавушоглу Мадагаскардын жаңы тышкы иштер министри Иветте Силла менен да куттуктоо иретинде телефондук сүйлөшүү өткөрдү.



Тектеш кабарлар