Эрдоган Ирактын премьер - министрин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Ирактын премьер-министри Мухаммед Шия эс-Суданини расмий азем менен тосуп алды.

1963078
Эрдоган Ирактын премьер  - министрин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Ирактын премьер-министри Мухаммед Шия эс-Суданини расмий азем менен тосуп алды.

Шия эс-Суданинин расмий унаасын президенттик комплекстин алдында тосуп алган атчандар унааны протокол каалгасына чейин коштоду. Президент Эрдоган Шия эс  -  Суданини комплекстин кире беришинде тосуп алды.

Эрдоган менен Шия эс  - Судани аскерлерге салам бергенден кийин эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан кийин Ирактын премьер  - министри Шия ес  -  Судани гвардия полкуна салам берди. 

Тосуп алуу аземинде тарыхта курулган 16 түрк мамлекетинин желектери жана аскерлер да орун алды. 

 

Түркия жана Ирак желектери орун алган тепкичте турган президент Эрдоган менен Шия эс-Судани журналисттерге сүрөткө түшүштү.

Тосуп алуудан кийин эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларга өтүлдү.

 

 

 



Тектеш кабарлар