Эрдоган Чанаккале деңиз жеңишине карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Чанаккаленин рухун жандуу жана бекем кармоодон баш тартышпай   тургандарын айтты.

1961631
Эрдоган Чанаккале деңиз жеңишине карата билдирүү жарыялады

 Президент Режеп Таййип Эрдоган  Чанаккаленин рухун жандуу жана бекем кармоодон баш тартышпай   тургандарын айтты.

Президент Эрдоган 18 -  Март Шейиттерди эскерүү жана Чанаккале жеңишинин 108 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.

Билдирүүсүндө : «108 жыл мурда империалисттерге каршы Анадолудагы түрктөрдү жана миң жылдык түрк жерлерин коргоо үчүн күрөшүү менен улутубузду Чанаккале жеңишине алып келген бардык баатырларыбызды жана шейиттерибизди урмат – сый менен эскеребиз»,- деген Эрдоган Чанаккале жеңишинин түрк улутунун көз карандысыздыгынан эч качан баш тартпай тургандыгын дагы бир жолу дүйнөгө жарыялаган баатырдык дастаны болгонун баса белгиледи.

Эрдоган : «Анадолунун төрт тарабынан келип бүткүл дүйнөгө каршы Чанаккаледеги күрөштө ата  - бабаларыбыз улутубуздун кыйын күнүндө биримдикти көрсөтүп, шейит каны менен суугарылган жерибизге душмандын киришине уруксат берген эмес. Бүгүн биз да элибиз, өлкөбүз үчүн  Чанаккале  жеңишинде ортого салган рух жана эрк менен иштеп жатабыз. Бардык кыйынчылыктарды бирдикте жеңе алабыз деген ишенич менен күрөшүбүздү улантуудабыз.

Чоң баатырдык менен тайманбастык менен  жазылган шаңдуу тарыхыбызга ээ чыгып, Чанаккале рухун жандуу кармап жана эч качан баш тарпайбыз.

Бизге бул жерди аманатка калтырган шейиттерибизге, ардагерлерибизге  ыраазычылык билдирип, мекенибизди, желегибизди бардык шарттарда коргоодон кечээ болгондой бүгүн да эртең да баш тартпайбыз.

Бул ойлор менен Чанаккале жеңишинин 108 жылдыгын белгилеп, 18 -  Март шейиттер күнүндө бул жерлерди бизге аманатка калтырган бардык шейиттерибизди, Гази Мустафа Кемал баш болгон бардык баатырларыбызды ыраазычылык менен эскерем. Жаткан жерлери жайлуу болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар