Эрдоган бүгүн Финляндиянын президенти Ниинистё менен жолугушат

Президент Эрдоган Финляндиянын президенти Саули Ниинистёну Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алат.

1961268
Эрдоган бүгүн Финляндиянын президенти Ниинистё менен жолугушат

Президент Режеп Таййип Эрдоган дипломатиясын бүгүн да улантат.

Эрдоган Финляндиянын президенти Ниинистё менен жолугушат. Жолугушуунун негизги күн тартиби Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү болот.

Президент Эрдоган Финляндиянын президенти Саули Ниинистёну Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алат.

Расмий аземден кийин лидерлер жекеме-жеке жолугушууга өтүшөт.

Жолугушууда Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү каралат.

2022-жылдын июнь айында Мадридде кол коюлган үч тараптуу меморандумдун алкагындагы акыркы абалга баа берилет.

Финляндиянын меморандумда кабыл алынган темаларга баш ийип же ийбегендиги каралат.

Эрдоган - Ниинистё жолугушуусунда Түркия -  Финляндия карым - катнаштары да каралат.Мындан тышкары аймактык жана эл аралык окуялар талкууланат.

Эми президент жолугушуудан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрөт.



Тектеш кабарлар