Франция элчилиги «эстафетаны» түрк элине арнайт

Элчи Магронун «Terre de Jeux2024 эстафета жарышына» байланыштуу түрк тилиндеги видео кайрылуусу Франциянын Анкара элчилигинин Твиттер баракчасынан жарыяланды.

1957824
Франция элчилиги «эстафетаны» түрк элине арнайт

Франциянын Анкарадагы элчиси Эрве Магро 14-мартта өтө турган «Terre de Jeux2024 эстафетасын», 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн улам тилектештиктин белгиси катары түрк калкына арнай тургандарын айтты.

Элчи Магронун «Terre de Jeux2024 эстафета жарышына» байланыштуу түрк тилиндеги видео кайрылуусу Франциянын Анкара элчилигинин Твиттер баракчасынан жарыяланды.

Түркия жана Франциянын желектери түшүрүлгөн «тилектештик» деген жазуусу бар футболканы кийген Магро, Франциянын Анкара элчилиги менен Стамбулдагы башкы консулдугунун "Париж-2024 Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга" 500 күн калганда 14-мартта 5 континентте өткөрүлө турган «Terre de Jeux2024 эстафета жарышына» катыша турганын айтты.

Магро билдирүүсүндө: «Элчилик катары Түркиядагы жогоруда айтылган эстафетаны бир нече апта мурда болгон жер титирөө апаатынан жабыр тарткан түрк досторубузга тилектештигибиздин белгиси катары арнайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар