Эрдоган жер титирөө тууралуу маалымат берди

6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жана 11 провинция таасирленген жер титирөөдө каза болгондордун саны 47 миңден ашты.

1957958
Эрдоган жер титирөө тууралуу маалымат берди

6 - февралда эпицентри Кахраманмараш болгон жана 11 провинция таасирленген жер титирөөдө каза болгондордун саны 47 миңден ашты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарадагы президенттик комплексте шайлоо күнүн  14 - май деп жарыялаган жыйында жер титирөө апаатын эске салды.

Кылымдын апааты деп мүнөздөлгөн  жер титирөөлөрдүн жан жана мал жоготууларына себеп болгонун баса белгилеген Эрдоган : "Жер титирөөнүн алгачкы күндөрүндөгү оор кыш шарттары, зыян тарткан инфраструктура жана 500 километрге жеткен кыйраган аянттын чоңдугу ишибизди кыйындатса да бир жол таап же бир жол ачып адамдарыбызга жардам бердик",- деди. 

Эрдоган : "Бул 11 облуста жашаган 14 миллион жараныбызга түздөн түз таасирин тийгизген кенен  чөйрөдө сезилген жер титирөөлөрдө 47 миңден ашуун адамыбыз каза болуп, 115 миңден ашуун адамыбыз да жаракат алды",- деди. 

Жер титирөө аймактарында туруктуу турак жайлардын курулушун күн сайын жаңы пайдубалдарды түптөө менен улантышкандарын баса белгилеген президент : "Биздин максатыбыз  – 319 миң кожолукту бир жылдын ичинде бүтүрүп, дароо мыйзамдуу ээлерине тапшыруу. Негизги максатыбыз жалпысынан 800 миңден ашуун турак жайды камтыган кыйранды,  катуу жабыркаган, орто жабыркаган  270 миң имаратты жок кылуу менен жер титирөөдөн жабыркаган шаарларыбызды жаңыдан куруу»,- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар