Чавушоглу Европа Биримдигинин миссия башчылары менен жолугушту

Чавушоглу күчтүү эл аралык тилектештикти көргөндөрүн баса белгиледи.

1957348
Чавушоглу Европа Биримдигинин миссия башчылары менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин көрсөтүлгөн күчтүү эл аралык тилектештиктин Түркияга колдоо, моралдык жана күч-кубат бергенин айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарада Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы элчи Николаус Мейер-Ландрут жана ЕБге мүчө өлкөлөрдүн миссия башчылары менен түшкү тамакта жолугушту.

Ушул апаат процессинде күчтүү эл аралык тилектештикти көргөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу: «Бул колдоо бизге моралдык жана күч-кубат берүүдө. Эң өнүккөн өлкөлөрдөн эң начар өнүккөн өлкөлөргө чейин бардык өлкөлөр, бүткүл адамзат биз менен бирге. Бул албетте жер титирөөнүн катууулугу менен гана эмес, Түркияга жана түрк улутуна болгон ишенимге да байланыштуу»,-деди.

Бул колдоодо Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөр, талапкер өлкөлөр жана мекемелердин чоң роль ойногонун билдирген Чавушоглу: «Жер титирөө биздин коңшулукту, достукту жана союздаштыгыбызды гана эмес, адамдык байланыштарыбызды дагы бир жолу эске салды. Бул сезимдин алдыбыздагы мезгилде Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарынын бардык өлчөмдөрүнө чагылышын үмүт кылам. Аймактык жана эл аралык маселелер биздин кызматташтыктын глобалдык деңгээлде канчалык маанилүү экенин көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри: «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ЕБге мүчө жана талапкер өлкөлөр менен ЕБ мекемелерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирем»,-деди.



Тектеш кабарлар