Мевлүт Чавушоглу индиялык кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри бул тууралуу Твиттерден маалымат берди.

1952975
Мевлүт Чавушоглу индиялык кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Министр Чавушоглу Твиттер баракчасынан жазган билдирүүсүндө орус кесиптеши Лавров менен Индиянын борбор шаары Жаңы Делиде Чоң жыйырмалыктын чегинде жолуккандыгын белгилеп : "Жер титирөөдө берген жардамдары үчүн кайрадан дагы бир жолу ыраазычылык билдирдик. Аймагыбыздагы акыркы абалдарды талкууладык",- деди. 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар менен да жолугушту.

Чавушоглу : "Чоң жыйырмалыктын Тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн келген #Жаңы Делидеги биринчи жолугушуубузду индиялык кесиптешим менен өткөрдүк. #Досоперациясы деген ат менен өлкөбүзгө берген жардам жана колдоолору үчүн ыраазычылык билдирдик",- деди. 

Чавушоглу Чоң жыйырмалыктын Индиянын кезектешкен башкаруучулугунун алкагында 1 - 2 -  март күндөрү Жаңы Делиде өткөрүлө турган Чоң жыйырмалыктын Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

Жыйында гуманитардык жардамдар жана апаат жардамдары, азык  - түлүк, энергетика коопсуздугу, терроризм менен күрөш, көп тараптуулуктун бекемделиши жана өнүгүү боюнча кызматташтык башта болгон глобалдык күн тартипте алдыга чыккан жагдайларда пикир алышууларда болушу күтүлүүдө. 

 



Тектеш кабарлар