Курум: «Март айында 14 миң 500 үйдүн курулушун баштайбыз»
Министр Мурат Курум 6-февралдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Хатайда билдирүү жасады.
Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча министри Мурат Курум, жер титирөө болгон аймакта имараттарды туура жерге жана туура техника менен кура тургандарын айтты.
Мурат Курум 6-февралдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Хатайда билдирүү жасады.
Курум: «Биз бул жерлерге бекем имараттарды курганга чейин иштейбиз. Демографиялык түзүлүш жана тарыхый аймактар байкоого алынат. Аманос тоосунун этектерине имараттарды курабыз»,-деди.
Министр Курум: «14 миллион калкыбызга таасирин тийгизген жер титирөөдөгү жаңы курулуш иштеринде мурунку кырсыктарда жарандарыбызга берген убадаларыбызды кандай аткарган болсок, муну да ушундай түрдө ишке ашырабыз»,-деп айтты.
Көптөгөн университеттер, илимпоздор менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүшкөнүн баса белгилеген Курум: «Имараттарды туура жерге, туура техника менен курабыз. Март айында 14 миң 500 үйдүн курулушун баштайбыз»,-деп маалымдады.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.