Путин Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Эрдоганга туулган күнү менен куттуктоо жөнөттү.

1951656
Путин Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Тайып Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Эрдоганга туулган күнү менен куттуктоо жөнөттү.

Президент Эрдогандын мекендештер арасында жана чет өлкөлөрдө кадыр-баркы жогору экенин баса белгилеген Путин:«Ушул оор учурда, ушундай оор кырдаалда Түркия кыйраткыч жер титирөөлөрдүн кайгылуу кесепеттерин жоюп жаткан учурда, сиздин мамлекеттик ишмер жана адам катары эң жакшы сапаттарыңыз, эрдигиңиз жана акыл-эстүү жана зарыл чечимдерди кабыл алуу жөндөмүңүз толугу менен алдыңкы планга чыгат»,-деди.

Эрдогандын өлкөсүндөгү Орусия менен Түркиянын ортосундагы достук карым-катнаштарды жана конструктивдүү кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы жогору бааланганын белгилеген Путин:«Биз өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду системалуу түрдө ишке ашырабыз жана глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги негизги маселелерди чечүү боюнча аракеттерди координациялоону улантабыз деп ишенем»,- деди.

Эрдоганды туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктаганын айткан Путин : «Кымбаттуу досум, сизге чын жүрөктөн ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана ийгилик каалайм»,-деп айтты.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоганга Орусиянын президенти Путинден тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Сербиянын президенти Александр Вучич да телефон аркылуу байланышып, туулган күнү менен куттукташты.

Вучич Эрдоганга 6-февралда Түркияда болгон жер титирөөлөргө байланыштуу эң жакшы каалоолорун айтты.



Тектеш кабарлар