Эмине Эрдоган БУУнун Хабитатынын аткаруучу директору Шариф менен бирге Газиантепке барды
Биринчи айым менен Шариф Нурдагы контейнер шаарына барып, жер титирөөдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушту.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Хабитатынын аткаруучу директору Маймунах Мохд Шариф менен 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн таасир алган Газиантептин Нурдагы жана Ислахие райондоруна барды.
Биринчи айым менен Шариф Нурдагы контейнер шаарына барып, жер титирөөдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушту.
Айлана чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттык өзгөрүү министрлигинин координациясында жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн курулган социалдык аймактарды да карап чыккан Эрдоган менен Шариф, социалдык базар, кийим-кече жана тамак-аш чатырларын кыдырып, иш-чаралар тууралуу маалымат алышты.
Балдарга жана жер титирөөдөн жабыркаган аялдарга жакын мамиле көрсөткөн Эмине Эрдоган менен Шариф балдардын оюнун да коштоп жүрүштү.
Психосоциалдык колдоо кызматкерлеринин иштери тууралуу маалымат алган жана аялдар кооперативинин семинарында кесиптик билим берүү мугалимдери менен жолуккан биринчи айым Эрдоган жана Шариф, Ислахие районундагы контейнер шаарын да кыдырып, жер титирөөдөн жабыркагандар менен жолугушуп, каалоо-тилектерин айтты.
Эмине Эрдоган менен Шариф контейнер шаарындагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жер титирөөдөн жабыркагандарга көрсөтүлгөн кызматтар жана жер титирөөдөн жабыркагандардын муктаждыктары тууралуу баа берүү жыйынына катышты.