Түркия Израиль армиясын айыптады

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Израиль армиясынын Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына жүргүзгөн операциясында 11 палестиналыктын каза болгонун, 100дөн ашуун кишинин жараланганын кабарлаган.

1950248
Түркия Израиль армиясын айыптады

Түркия, Израиль армиясынын Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына кол салуусун катуу айыптап, наалат айтканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериадагы Наблус шаарына кол салуусунан арасында карылар жана карапайым жарандар да болгон кеминде 11 палестиналык каза болуп, 100дөн ашуун кишинин жаракат алышына «катуу айыптайбыз жана наалат айтабыз» деген сөздөр менен каршылы көрсөтүлдү.

Аймакта зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн Израиль бийлигинин мындай кол салууларды жана чагымчылдыктарды тез арада токтотуусунун зарыл экендиги баса белгилеген билдирүүдө: «Кол салууда каза болгон палестиналык боордошторубузга Аллахтан ырайым тилеп, Палестина мамлекетине жана элине көңүл айтабыз»,-деп айтылды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Израиль армиясынын Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына жүргүзгөн операциясында 11 палестиналыктын каза болгонун, 100дөн ашуун кишинин жараланганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар