Байрактар Акынжы Чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттары жарманкеде

Бириккен Арап Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде IDEX Эл аралык коргонуу жарманкеси жана Конференциясы менен NAVDEX деңиз коргонуу жана деңиз коопсуздугу иш  -  чарасы бир учурда өткөрүлдү.

1950568
Байрактар Акынжы Чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттары жарманкеде

Байрактар Акынжы (Чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттары) ЧУУА  өлкө тышындагы коргоо боюнча жарманкеде биринчи жолу көргөзмөгө чыкты.

Бириккен Арап Эмирликтеринин борбор шаары Абу Дабиде IDEX Эл аралык коргонуу жарманкеси жана Конференциясы менен NAVDEX деңиз коргонуу жана деңиз коопсуздугу иш  -  чарасы бир учурда өткөрүлдү.

Түркиядан 50дөн ашуун коргоо өнөр жайы фирмасы учкучсуз учуучу аппараттары жана айдоочусуз кургактык унаалары, бронетранспорттук платформалар, курал системалары, электрондук системалар, ок-дарылар, симуляторлор жана логистикалык колдоо продуктулары сыяктуу бир катар продукцияларды катышуучуларга тааныштырышты.

Учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүчү Байкар да NAVDEX Деңиз коргонуу жана деңиз коопсуздугу иш-чарасынын алкагында стенд ачып, келгендерди кабыл алды.

Байкар тарабынан иштелип чыккан Байрактар ​​Акынжы (Чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттары) ЧУУА биринчи жолу эл аралык коргонуу өнөр жайы иш-чарасында көргөзмөгө коюлду.



Тектеш кабарлар