Немис министрлер жер титирөө аймагында иликтөө иштерин жүргүзүштү

Жер титирөөдөн кийин түзүлгөн чатыр шаарларда жашаган жарандар менен жолугушкан Баербок жана Фаезер ыктыярдуу немис дарыгерлери курган медициналык тейлөө чатырына да барышты.

1949844
Немис министрлер жер титирөө аймагында иликтөө иштерин жүргүзүштү

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен ички иштер министри Нэнси Фаезер «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн, 6 – февралдагы жер титирөөнүн  эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык районунда   иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Жер титирөөдөн кийин түзүлгөн чатыр шаарларда жашаган жарандар менен жолугушкан Баербок жана Фаезер ыктыярдуу немис дарыгерлери курган медициналык тейлөө чатырына да барышты.

Баербок менен Фаезер андан кийин райондун борборундагы уранды аймактарды кыдырып, журналисттерге маалымат беришти.

Бул жерде болгондорду көрүү үчүн келишкендерин белгилеген Баербок : «Бул апааттын көлөмүн бул жерде болсоңуз да сөз менен айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес»,- деди.

Тышкы иштер министри бул жерде эл аралык жардамдын канчалык маанилүү экендигин көргөндөрүн айтты.

Баербок немис өкмөтү катары чатыр, дары - дармек, азык - түлүк, жууркан жана генератор үчүн дагы 50 миллион евро жардам бергендерин жана муну менен Германиянын жер титирөөдөн жабыркагандарга жардамы 108 миллион еврого жеткенин белгиледи.

Германияда туугандары барлар үчүн виза процессин жеңилдеткендерин баса белгилеген Баербок адамдардын виза алуулары үчүн аймакта бир «виза автобусунун» бар экендигин билдирди.

Ички иштер министри Фаезер да жер титирөөдөн жабыр тарткандар менен тилектештик үчүн келишкендерин, бул жерде кайгылануунун эле эмес, жардамдын да канчалык жакшы жеткендигин көргөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар