Түркия Израилдин Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташуу чечимин айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө айтылды.

1945954
Түркия Израилдин Батыш Шериада мыйзамсыз отурукташуу чечимин айыптады

Түркия Израилдин Батыш Шериадагы Израиль мыйзамдарына ылайык да мыйзамсыз деп эсептелген тогуз конуштарды мыйзамдаштыруу жана кеңейтүү чечимин айыптады.

Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө,«Израиль бийлигинин кечээ күнү жарыялаган Батыш Шериада орун алган жана Израиль мыйзамдарына ылайык мыйзамсыз деп эсептелген тогуз отурукташуу жерин мыйзамдаштыруу жана мыйзамсыз отурукташууларын кеңейтүү боюнча чечимдерин айыптайбыз»,делди.

Бул бир тараптуу кадамдардын, акыркы мезгилде Батыш Шериадагы өтө тынчсыздандырган абалдардын жана жоготуулардын көбөйүшү аймактагы чыңалууну күчөткөнү жана туруктуу тынчтыктын негизине олуттуу зыян келтиргени белгиленген билдирүүдө, «Биз Израилди аймактагы жаңы зордук-зомбулук каргашасын башташы мүмкүн болгон, эл аралык укукка жана Бириккен Улуттар Уюмунун белгиленген параметрлерине карама-каршы келген бул кадамдарды токтотууга чакырабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар