НАТО Түркияга баш калкалоочу жайларды жөнөтөт

Бул жайларда жылытуу, генератор жана дарылоочу бөлмөлөр сыяктуу мүмкүнчүлүктөр бар.

1945010
НАТО Түркияга баш калкалоочу жайларды жөнөтөт

НАТО союздаштары, очогу Кахраманмараш болгон жана «кылымдын апааты» деп сыпатталган 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн Түркияга толук жабдылган «жарым туруктуу» баш калкалоочу жайларды жөнөтүүнү чечти.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, НАТО жөнөтө турган баш калкалоочу жайлар адатта НАТОнун машыгууларында жана операцияларында колдонулган штаб комплекстеринен турат. Бул жайларда жылытуу, генератор жана дарылоочу бөлмөлөр сыяктуу мүмкүнчүлүктөр бар.

НАТОнун аскер кызматкерлери, Италиянын Таранто шаарындагы НАТОнун колдоо агенттигинин түштүк операциялар борборунда жайгашкан баш калкалоочу жайларды жеткирүү үчүн эң ылайыктуу логистикалык жана транспорттук варианттарды карап жатышат.

Бул жайлар, курулгандан кийин НАТО өлкөлөрү жөнөтө баштаган кышкы шарттарга ылайыкталган чатырлар менен толукталат.

Буларды жөнөтүү ишин НАТОнун Европадагы союздаш күчтөрүнүн башкы командири (SACEUR) генерал Кристофер Каволи жетектейт.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг союздаштардын чечимин кубаттап: «НАТО, шериктешибиз Түркия менен бекем тилектештикте. Бул баш калкалоочу жайлардын өткөрүлүп берилиши адамдардын өмүрүн сактап калат. НАТО союздаштары жана өнөктөштөрү жардам көрсөтүү аракеттерине олуттуу колдоо көрсөтүүдө. Биз муктаж болгондорго жардам берүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар