Европа Биримдиги Түркияга көңүл айтты

Европа Биримдиги  Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого даяр экендиктерин билдирди.

1944753
Европа Биримдиги Түркияга көңүл айтты

Европа Биримдиги  Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн Түркияга көңүл айтып, жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого даяр экендиктерин билдирди.

Мишель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин акырында басма сөз жыйынынын башталышын Түркияда 6 - февралда болгон жер титирөөлөргө бөлдү.

Түркия жана Сирияда жер титирөөдөн улам каза болгондор үчүн көңүл айткан Мишель : «Европа Биримдиги жана мүчө мамлекеттер катары жер титирөөдөн жабыркагандарды жана издөө - куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү чечкиндүүлүгүбүздү билдиргим келет»,-деди.

Мишель Европа Биримдиги саммити учурунда президент Режеп Таййип Эрдоганга Европа Биримдигине кирген бардык өлкөлөрдүн лидерлери кол койгон катты жибергендерин эске салып, жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоого даяр экендиктерин баса белгиледи.

Мишель өзгөчө жакын арада Брюсселде жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн донорлор конференциясын өткөрө тургандарын билдирди.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитин жер титирөөдө каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен баштады. Президент Эрдоганга кайрылуу менен кол койгон катта лидерлер көңүл айтып, тилектештиктерин билдиришти.

 



Тектеш кабарлар