Эрдоган жер титирөө болгон аймактарда иликтөө жүргүздү жана маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдө каза болгондордун санынын 16 миң 170ке жеткенин айтты.

1944536
Эрдоган жер титирөө болгон аймактарда иликтөө жүргүздү жана маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдө каза болгондордун санынын 16 миң 170, жаралуулардын санынын 64 миң 194кө жеткенин жарыялады.

Османийеде жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарда иликтөө иштерин жүргүзүп, жооптуу кызматкерлерден маалымат алган президент Эрдоган очогу Кахраманмараш болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдө каза болгондордун санынын 16 миң 170, жаракат алгандардын саны 64 миң 194кө жеткенин белгиледи.

Жардам иштерине жүз миңдеген адамдын катышканын белгилеген Эрдоган: «Биздин өлкөнүн бардык булуң-бурчунан ар кандай командалар, унаалар жана иш машиналары аймакка багытталды»,-деди.

Президент Эрдоган Османиеге келгенге чейин жер титирөөдөн зыян тарткан дагы бир облус Газиантепке барды.

Газиантепте иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат алган Эрдоган бул жердеги билдирүүсүндө,жер титирөөдөн бери мамлекет катары бардык мекемелери менен талаада болгонун белгилеп, 1 жылдын ичинде жер титирөөдө үйлөрү кыйраган жарандар үчүн жаңы турак үйлөрдүн курула турганын айтты.

Эрдоган: «Бир жагынан контейнер шаарча куруу иштерибиз бар, экинчи жагынан чет өлкөдөн келе турган контейнерлерибиз бар. Келе турган контейнерлерди 10 облуска бөлүштүрөбүз»,-деди.

Эрдоган кечээ Кахраманмараш жана Пазаржык райондору, Хатай жана Искендерун райондору менен Аданадагы жер титирөөдөн кийинки иштер тууралуу да иликтөө жүргүздү.



Тектеш кабарлар