Түркияга бүткүл дүйнөдөн жардамдар келип жатат...

Очогу Кахраманмараш болгон жана  10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн улам көптөгөн өлкө Түркияга издөө-куткаруу кызматкерлерин жөнөттү.

1943575
Түркияга бүткүл дүйнөдөн жардамдар келип жатат...
Kırgızistan arama-kurtarma ekibini gönderdi 3.jpg
azerbaycan arama kurtarma.jpg
arama kurtarma ekibi3.jpg
arama kurtarma ekibi.jpg
arama kurtarma ekibi1.jpg
arama kurtarma ekibi2.jpg

Очогу Кахраманмараш болгон жана  10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн улам көптөгөн өлкө Түркияга издөө-куткаруу кызматкерлерин жөнөттү.

Жер титирөө болгон аймакка эл аралык жардамды камтыган төртүнчү деңгээлдеги кооптуулуктун жарыяланышынан кийин издөө-куткаруу тобун жиберген биринчи өлкө Азербайжан болду.

Издөө-куткаруу иштеринде 400дөн ашуун кызматкер менен катышкан Азербайжан Түркияга 227 кишилик жаңы издөө-куткаруу тобун жөнөттү.

Кыргызстандан 67 издөө-куткаруу тобу менен 2 ит келип Кахраманмарашка жетти.

АКШдан 161 адамдан турган издөө-куткаруу тобу жөнөтүлсө, Мексикадан 145 кызматкер жолго чыкты, Сальвадор 100дөн ашуун кишини жөнөтөрүн билдирди.

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, Европа Биримдигинин Жарандык коргонуу механизминин алкагында Түркияга ушул убакка чейин 36 издөө-куткаруу тобу жана медициналык топ жөнөтүлдү же жөнөтүлөт. Европа Биримдигине мүчө 20 жана Европанын 3 өлкөсүнөн 1500 издөө-куткаруу кызматкерин 100 издөө-куткаруучу иттер коштой турганы белгиленди.

Англия да Түркияга 77 издөө-куткаруу адисин, акыркы үлгүдөгү жабдууларды жана издөө иттерин жөнөткөнүн билдирди.

Греция 21 өрт өчүрүүчү жана Испания 90 кишилик кесипкөй команданын жолго чыга турганын жарыяласа, кээ бир Европа өлкөлөрүнөн жиберилген адамдардын саны төмөнкүдөй:«Франция 139, Австрия 105, Швейцария 80, Мальта 32, Болгария 59, Косово 30, Венгрия 101, Хорватия 40, Босния жана Герцеговина 17, Сербия 27, Албания 53».

НАТО Түркияга Швеция менен Финляндияны кошкондо НАТОнун 20дан ашык союздаштары жана өнөктөштөрүнөн 1400дөн ашык чукул жардам кызматкерлери жайгаштырылгандыгын жарыялады.

Түркияга Орусиядан 147, Молдовадан 55, Польшадан 76, Чехиядан 68, Казакстандан 41, Грузиядан 60, Кувейттен 45 жана Тунистен 41 кишиден турган командалар Түркияга жөнөтүлгөнү айтылса, 87 кишиден турган команда Украинадан келе жатат.

Кытайдан келген издөө, куткаруу жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен турган 82 адамдан турган топ менен өлкөнүн Рамунион издөө-куткаруу уюмунан 8 кишилик топ жана атайын үйрөтүлгөн ит жолго чыкты.

Иран 10, Жапония 18, Малайзия 75, Индия жана Пакистан 50, Тайвандан 44, Түштүк Корея 110го жакын персонал жөнөтүүнү пландап жатканын жарыялады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы жер титирөөдөн зыян тарткан шаарларга 200 кишилик топ жиберилгенин жарыялады.

Израиль жөнөтө турган эки учактын бири 167 адамдан турган негизги топ Аданага келсе, Ливан 72, Ливия 55 киши жиберди.

Бул өлкөлөрдөн келген же кетип жаткан кызматкерлерди көптөгөн издөө-куткаруучу иттер коштоп жүрөт.

Бул арада Иран жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга колдоо көрсөтүү үчүн чатыр жана азык-түлүк пакеттери сыяктуу материалдар менен жардам учагын Түркияга жөнөттү.

Италиянын жарандык коргонуу жана деңиз саясаты министри Нелло Мусумечи талаа ооруканасы менен деңиз флотунан бир кеменин Түркияга жөнөтүлө турганын билдирди.

Венесуэла да дары-дармек жана азык-түлүк пакеттери менен бирге Түркия жана Сирияга 50 кишилик издөө-куткаруу тобун жөнөтө турганын жарыялады.

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга 50 миллион долларлык колдоо көрсөтүү чечимине келсе, Канада Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын муктаждыктары үчүн колдонула турган 10 миллион долларды берерин билдирди.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанесе өлкөсүнүн Түркиядагы издөө-куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн эксперттик топ жөнөтө турганын жарыялады.

Монголия да гуманитардык жардам ташыган учагын, 35 кишилик издөө-куткаруу тобу менен медицина кызматкерлерин Түркияга жөнөттү.

Армениядан да 57 кишиден турган издөө-куткаруу тобу Түркияга жөнөтүлдү.

Бельгия болсо жер титирөөдөн зыян тарткан аймакка күнүнө 100дөн ашуун бейтапты дарылай ала турган талаа ооруканасын жиберет.

Пакистан дагы Түркия жана Сирияга жардам жүктөрүн ташыган 2 учак жөнөткөнүн белгилеп, дагы жардам жөнөтүлө турганын жарыялады.

Оман да Түркия жана Сирияга абадан жардам коридорунун түзүлгөнүн, бул жерден гуманитардык жардам жана медициналык каражаттардын жөнөтүлгөнүн билдирди.

Катар кубогунда эртең боло турган жарым финалдын билет кирешеси жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам үчүн Түркия жана Сирияга жөнөтүлөт.



Тектеш кабарлар